Бекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодо
Парламент көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу эрежелерин олуттуу жаңылоону сунуштап жатат. Мыйзам долбоору санариптик инструменттерди киргизип, каржы көзөмөлүн күчөтүп, бардык менчик ээлерин үйдү башкарууга толук кандуу катышуучу кылууну көздөйт.
Бардык менчик ээлери автоматтык түрдө ТСЖга мүчө болот
Негизги өзгөрүүлөрдүн бири — ТСЖга ыктыярдуу мүчөлүктү жоюу.
Эгер азыр айрым тургундар расмий түрдө катышпай койсо, мыйзам кабыл алынса бардык батир жана коммерциялык жай ээлери автоматтык түрдө мүчө болуп калат.
Бул ар ким добуш берүү укугуна ээ болот дегенди билдирет, баары үйдү кармоо чыгымдарына катышат жана «мүчө» менен «мүчө эмес» деген бөлүнүү жоголот.
«Азыр бардык тургундар ТСЖга катталбайт. 100 батирлүү үйдө, мисалы, 21 адам катталган болсо, ошолор эле чечим кабыл алып коёт. Бул туура эмес. Айрым төрагалар муну пайдаланып, мүчөлөрдү аз кылып, өз ара чечим чыгарышат. Бардык менчик ээлери чечим кабыл алууга катышышы керек», — деди Дастан Бекешев.
Жыйындар жана добуш берүү — онлайн
Мыйзам долбоору үйлөрдү толук санарип башкарууну киргизет. Жыйындарды онлайн өткөрүүгө, добуш берүүнү тиркеме же интернет аркылуу жүргүзүүгө болот, жыйынтыктар электрондук протоколдо катталат.
Жыйын тууралуу билдирүүлөрдү СМС, электрондук почта же мессенджерлер аркылуу жөнөтүүгө уруксат берилет. Билдирүү мөөнөтү 30 күндөн 3 жумушчу күнгө чейин кыскартылат.
Автордун айтымында, бул катышуунун аздыгы жана кворум чогултуу көйгөйүн чечет.
Ал белгилегендей, азыр да айрым ТСЖлар WhatsApp аркылуу добуш берүүнү колдонушат. Бирок мыйзамда онлайн добуш берүү каралбагандыктан, нааразы тараптар мындай чечимдерди жокко чыгара алышат. Азыр мыйзам боюнча добуш берүү кагаз жүзүндө болуп, кеминде 50% тургун кол коюшу керек.
ТСЖнын акчасы эми «сыр» болбойт
Мыйзам долбоору каржылык ачык-айкындуулукту киргизүүнү сунуштайт. ТСЖнын эсептери жана документтери коммерциялык сыр болуп саналбай калат. Тургундар отчетторду талап кыла алат, ал эми төлөмдөр жана чыгымдар тууралуу маалыматтар жарыяланат.
Мындан тышкары, негизги эсеп-кысаптар банк аркылуу жүргүзүлүшү керек. Накталай төлөмдөр өзгөчө учурларда гана мүмкүн болот.
Бул мыйзам бузууларды азайтып, чыгымдарды баарына түшүнүктүү кылуу үчүн керек.
Төлөмдөрдү токтотуу мүмкүнчүлүгү
Мыйзам кабыл алынса, ак ниетсиз жетекчиликке таасир этүүчү жаңы механизм пайда болот. Эгер төрага жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп, отчет бербесе, менчик ээлери убактылуу төлөмдөрдү токтото алышат.
Бул жетекчиликти ачык иштөөгө жана убагында отчет берүүгө мажбурлайт деп эсептелет.
Башка учурларда бардык тургундар төлөмдөрдү милдеттүү түрдө төлөшү керек.
«Акча төлөбөй туруп, подъезд таза болсун, чатыр оңдолсун дегендер көп. Мыйзам долбоору алар үчүн да жоопкерчилик киргизет», — деди депутат.
Төрагалар көзөмөл алдында болот
Мыйзам ТСЖ жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтөт. Ишеним кат аркылуу ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө тыюу салынат, кызматтан кеткенде бардык документтерди өткөрүп берүү милдеттендирилет. Мыйзам бузуулар үчүн айып пул каралат.
Ошондой эле кызматтан бошотуу себептери так көрсөтүлөт: менчикти жоготуу, соттолуу, көчүп кетүү же тургундардын чечими.
Башкаруучу компаниялар
«Жергиликтүү бийликке башкаруучу компанияларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү каалайбыз. Мисалы, Бишкек мэриясы ар бир райондо ушундай компания түзсө, көп маселелерди чечмек — короочулар, таштанды, жана башка. Бишкек мэриясы жасайбы билбейм, бирок башка шаарлар жасашы мүмкүн», — деди депутат.
Министрлер кабинети мындай компанияларга талаптарды жана стандарттарды белгилейт деп күтүлүүдө. Бул рынокко кокустук компаниялардын киришин чектеп, кызмат сапатын жогорулатат.
Эгер үй башкаруусуз калса, жаңы башкаруучу уюмду тез дайындоо механизми сунушталууда.
Ижарачыларды көрсөтүү милдеттүү болот
Менчик ээлери батирде ким жашап жатканын же ким ижарага алып жатканын билдирүүгө милдеттүү болот. Маалыматты жашырган үчүн айып пул каралат.
Айып пулдар көбөйөт
Мыйзам долбоору жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштайт. Мисалы, подвал, чердак сыяктуу жалпы жайларды мыйзамсыз пайдалануу үчүн айып пул 20 эсеге чейин көбөйүшү мүмкүн. Башкаруудагы мыйзам бузуулар үчүн да ири айып пулдар каралат.
«Эгер төрага убагында отчет бербесе, тургун жергиликтүү бийликке кайрыла алат. Эгер төрага макул болбосо, маселе сотто чечилет», — деди депутат.
Бул эмнеге керек
Бекешевдин айтымында, учурдагы негизги көйгөйлөр: каржылык жабыктык, тургундардын алсыз көзөмөлү, жыйын өткөрүүдөгү кыйынчылыктар жана пассивдүүлүк.
Жаңы мыйзам бул көйгөйлөрдү санариптештирүү, ачыктык жана жоопкерчиликти күчөтүү аркылуу чечүүнү көздөйт.
Өкмөттүн позициясы
Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Бекешев Министрлер кабинетинин корутундусунда мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык эмес деп жазылганын билдирди.
Депутат бул корутундуну ТСЖга түздөн-түз тиешеси жок деп эсептеген министрлик бергенине таң калганын айтты.
Министрдин орун басары Талант Иманакун уулу Бекешевдин баяндамаcы түшүнүксүз болгонун айтып, ТСЖ менен жергиликтүү бийлик маселелерди өз ара чечиши керек деп билдирди.
«Депутат бул демилгени шайлоочулардын кайрылуусуна байланыштуу көтөргөнүн түшүнөм, бирок бул маселелерди ТСЖ менен жергиликтүү бийлик өздөрү эле чече алат деп ойлойм», — деди ал, ошол эле учурда сунуш жалпысынан жакшы экенин кошумчалады.
Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев да так жооп берген жок. Ал айтылган көйгөйлөр бар экенин моюнга алып, учурда Бишкекте 714 башкаруусуз үй бар экенин билдирди. Ошого карабастан, мэрия өкмөттүн позициясын колдойт.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору комитетте биринчи окуудан өттү.