BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт

27.04.2026 | 15:28

Бишкектин тургундары жана борбор калаанын коноктору туристтик сезондун алдында туризм жана меймандостук чөйрөсүнүн биринчи эл аралык көргөзмөсүнө — Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) чакырылат. Бул тууралуу уюштуруучулар — КР Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча агенттик жана «BiExpo» көргөзмө компаниясы билдирет.

Иш-чара 2026-жылы Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында өткөрүлүүдө.

Көргөзмөдө төмөнкүлөр тартууланат:
• Кыргызстандын жети облусунун туристтик потенциалы;
• 139 катышуучу компания, анын ичинде Тажикстан, Кытай, Өзбекстан жана Индиянын өкүлдөрү;
• Туризм жана меймандостук тармагында иштеген эл аралык жана жергиликтүү компаниялар;
• Жаңы туристтик маршруттар жана эс алуу форматтары;
• Мейманкана жана ресторан бизнеси үчүн заманбап сервистер жана чечимдер.

Көргөзмө туризм тармагындагы ишкердик жолугушуулардын, тажрыйба алмашуунун жана жаңы долбоорлорду ишке киргизүүнүн аянтчасы болот.

Өткөрүлүүчү орду: «Жаштык Арена»
Күндөрү: 30-апрель — 2-май
Убактысы: 10:00–18:00
Кирүү акысыз.

Scroll to Top