Кытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керек
2026-жылдын 1-апрелинен баштап Кытай акыркы жылдардагы экспорттук саясатындагы эң резонанстуу өзгөртүүлөрдүн бирин ишке ашыра баштады. КЭРдин Финансы министрлиги жана Мамлекеттик салык башкармалыгы 271 категориядагы товарлар үчүн экспорттук КНСти кайтарып берүүнү (VAT export rebate) жокко чыгарууну же этап-этабы менен кыскартууну баштады. Бул чечим химиялык заттардан жана курулуш материалдарынан тартып, электроника компоненттерине жана аккумуляторлорго чейинки кеңири чөйрөнү камтыйт. 2025-жылы Кытайдан импортту рекорддук 27,2 миллиард долларга чейин жеткирген кыргыз бизнеси үчүн бул сатып алуулардын өздүк наркын кайра карап чыгуу жана контракттык шарттарды тез арада адаптациялоо зарылчылыгын билдирет.
Эмнелер кымбаттайт
Жаңы салык саясаты товардын категориясына жараша окуялардын өнүгүшүнүн үч сценарийин карайт:
2026-жылдын 1-апрелинен тартып КНСти кайтарып берүүнү толук токтотуу продукциялардын кеңири тизмесине жайылтылат: фотоэлектрдик модулдар жана күн панелдери, химиялык продукциялар (метанол, ПВХ, фосфаттар ж.б.), курулуш материалдары жана айнек, кремний пластиналары жана жарым өткөргүч материалдар, керамикалык буюмдар, курулуш кирпичтери. Бул тизмеге алпысынан 249 товардык позиция кирген.

Аккумулятордук продукциялар үчүн өткөөл мезгил киргизилүүдө. 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин КНСти кайтарып берүү ставкасы 9%дан 6%га чейин төмөндөйт. 2027-жылдын 1-январынан тартып жеңилдик толугу менен жоюлат. Бул пунктка аккумуляторлордун жана батареялардын 22 түрү кирет.
Маанилүү жагдай: Өзгөртүүлөр бажы декларациясында көрсөтүлгөн экспорттун датасы боюнча так колдонулат. Эгер келишим март айында түзүлүп, бирок жүк 2-апрелде жөнөтүлсө, жеңилдик иштебейт. Акциздик товарлар үчүн эрежелер өзгөрбөйт, экспортто акцизди кайтарып берүү сакталат.
Мамлекеттик коомдук башкаруу жогорку мектебинин директору, КР Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Төлөнбек Абдыровдун айтымында, бул Кыргызстан үчүн импорттун жалпы кымбатташын эмес, айрым сезимтал сегменттердеги: биринчи кезекте энергетика (күн панелдери, батареялар) жана курулуш материалдарынын (айнек, химия) кымбатташын билдирет. «Маржанын төмөндүгү жана жүгүртүүдөгү каражаттардын чектелүүлүгүнөн улам, соккуну эң биринчи чакан жана орто бизнес сезет», — деп белгиледи ал Reporter.kg үчүн берген комментарийинде.
Чынжырлуу реакция
Буга чейин кытайлык жеткирүүчүлөр товардын баасынын 13%ына чейинки КНСти кайтарып ала алышчу, бул экспорттук бааларды атаандаштыкка жөндөмдүү кылчу. Эми бул баа буфери жоголууда.
Эксперттердин эсебинде, тизмедеги көпчүлүк товарлар боюнча сатып алуу бааларынын өсүшү 9–13%ды түзөт. Аккумуляторлор үчүн баалар 2026-жылдын аягына чейин 3%га, ал эми 2027-жылы жеңилдик толук жоюлгандан кийин дагы 6%га кымбатташы ыктымал.
Бирок импорттоочулар үчүн реалдуу кымбаттоо чынжырлуу реакциядан улам жогору болушу мүмкүн. Эксперттер белгилегендей, товардын сатып алуу баасы гана эмес, бажы төлөмдөрү да өсөт, анткени алымдар жана КНС жогорулаган контракттык баадан эсептелет. Айрым талдоочулар импорттоочулардын жалпы чыгымдары 15% жана андан жогору өсөрүн болжолдошууда.
«Кытай товарлары рыноктон массалык түрдө жок болуп кетпейт. Бирок арзан позициялар же кетет, же кымбаттайт. Суроо-талаптын бир бөлүгү Түркия, Иран жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген кымбатыраак жеткирүүлөргө оошу мүмкүн», — деди Төлөнбек Абдыров.
Батареялар
Кыргызстан үчүн бул өзгөрүүлөр өзгөчө мааниге ээ. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 27 млрд 198,9 млн долларга жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 19,7%га өскөн. Кытай республиканын негизги соода өнөктөшү бойдон калууда.
Кыргызстанга келген кытай импортунун түзүмүндө жаңы салыктык чектөөлөргө туш болгон категориялар басымдуулук кылат. БУУнун COMTRADE маалыматтарына таянсак, 2025-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген импорттун көлөмү 4,81 млрд долларды түзгөн, бул соода жүгүртүүнүн жалпы эсебинен бир топ аз. Бул суммага төмөнкүлөр кирет:
- машиналар, жабдуулар жана өзөктүк реакторлор — 1,55 млрд доллар;
- транспорт каражаттары — 950,6 млн доллар;
- электротехникалык жана электрондук жабдуулар — 486,5 млн доллар;
- кара металлдардан жасалган буюмдар — 177,5 млн доллар;
- пластмассалар — 141,7 млн доллар;
- керамикалык буюмдар — 51,7 млн доллар;
- химиялык продукция — 43,8 млн доллар.
Аккумулятордук продукциялар сегменти өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. 2025-жылдын тогуз айында Кыргызстан 18 млн долларлык 930 миң даана электр аккумуляторун импорттогон, анын ичинен Кытайдан 7,1 млн долларга 638,8 миң даана келген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аккумуляторлордун импортунун өсүшү 30%ды түздү.
Реэкспорт тууралуу суроого жооп берип жатып, Төлөнбек Абдыров ал сакталып каларын белгиледи. «Статистикадагы айырма өтө чоң: Кытай Кыргызстанга 27 млрд долларлык товар жөнөтүлгөнүн каттаса, республиканын расмий отчёттуулугу болжол менен 5 млрд долларды гана көрсөтөт», — деп түшүндүрдү ал. Мындай операциялардагы маржанын төмөндөшү оюнчуларды иш багытын кайра карап чыгууга мажбур кылат.
Курулуш материалдары жана тиричилик техникасы да Кыргызстандын Кытайдан импорттогон негизги товарларынын катарына кирет. Кытай материалдары рыноктун олуттуу үлүшүн ээлеген өлкөнүн курулуш тармагы үчүн баалардын 9–13%га кымбатташы долбоорлордун кечеңдешине жана сметалардын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Сүрүлүү күчү
Тармактык ассоциациялар тарабынан берилген Кытай бийлигинин расмий позициясы тышкы рыноктордо негиздүү баа түзүүнү калыбына келтирүүгө жана соодадагы тирешүү тобокелдиктерин азайтууга багытталган. Экспорттук КНСти кайтарып берүү түрүндөгү субсидияларды жоюу, Кытайды экспорттук бааларды жасалма түрдө төмөндөтөт деп көптөн бери сындап келген ЕБ жана АКШ менен болгон соода мамилелериндеги чыңалууну чындап эле басаңдатат.
Эксперттер бул чечимди бир катар тармактардагы ашыкча өндүрүш кубаттуулуктарын кыскартуу жана сапаттуураак өсүшкө өтүүнү стимулдаштыруу зарылчылыгы менен да байланыштырышууда. Азыркы өзгөртүүлөр «тар чөйрөгө» гана тиешелүү, бирок божомолдор боюнча, тизме келечекте металлургия (болот, алюминий), автокомпоненттер жана даяр электроника менен кеңейтилиши мүмкүн.
Эмне кылуу керек?
Түзүлгөн шарттарда бизнес бир катар кадамдарды жасашы керек.
Биринчиси — иштеп жаткан контракттарды кайра карап чыгуу. Жеткирүүчүлөр шарттарды кайра карап башташты: бааларды бекитүү мөөнөттөрү кыскарууда, бааны мүмкүн болгон түзөтүү боюнча эскертүүлөр пайда болууда, алдын ала төлөө боюнча талаптар катаалдашууда.
Экинчиси — жүктөрдүн иш жүзүндө жөнөтүлгөн датасын катуу көзөмөлдөө. Белгиленгендей, товар КЭРдин чек арасынан 1-апрелден кийин өткөн учурда, контрактка кол коюлган датага карабастан жаңы эрежелер колдонулат.
Үчүнчүсү — бажы төлөмдөрүнүн өсүшүн эске алуу менен ар бир бүтүмдүн экономикасын кайра эсептөө. Контракттык баанын 10–15%га өсүшү финансылык моделдерди жана акыркы сатып алуучулар үчүн коммерциялык сунуштарды алдын ала оңдоону талап кылат.
Төртүнчүсү — келишим шарттарында тараптардын ортосундагы салыктык тобокелдиктерди бөлүштүрүүнү так белгилөө. Инкотермс боюнча жеткирүү негизине өзгөчө көңүл буруу керек: кошумча жыйымдарды төлөө милдеттенмеси кимге жүктөлөрү түздөн-түз ушундан көз каранды болот.
Таасири
Кыска мөөнөттүү келечекте кыргыз импорттоочуларын баалардын көтөрүлүүсү күтөт. Бирок таасир этүү деңгээли товардын категориясына жана конкреттүү контракттардын шарттарына жараша ар кандай болот.
Кыргызстандын өкмөтү бизнести колдоонун мүмкүн болгон чаралары же бажы-тарифтик саясатты түзөтүү боюнча азырынча расмий билдирүү жасай элек. Ошол эле учурда, эки өлкөнүн ортосундагы сооданын масштабын эске алганда, бул маселе өкмөттөр аралык деңгээлде көңүл бурууну талап кылат.
Узак мөөнөттүү келечекте Кытайдын экспорттук жеңилдиктер реформасы кыргыз бизнесин альтернативдүү жеткирүүчүлөрдү издөөгө жана импортту диверсификациялоого түртүшү мүмкүн. Бирок, Кытайдын аймактык соодадагы үстөмдүк кылуучу ролун эске алганда, кытай продукциясын тез арада алмаштыруу тууралуу сөз кылуу кыйын. Товарлардын көптөгөн категориялары үчүн, өзгөчө электроника жана аккумуляторлор сегментинде, жакынкы келечекте кытай импортуна альтернативалар иш жүзүндө жок.
Бул банк секторуна таасирин тийгизеби? Төлөнбек Абдыровдун айтымында, ал жалпысынан туруктуу. Анын пикиринде, импортту каржылоо шарттарынын катаалдашы мүмкүн: банктар күрөөгө болгон талаптарды жогорулатып, кыйла сак кредиттик саясат жүргүзө башташат.
Эң сезимтал кесепет «жашыл» энергетикадагы (күн электр станциялары, энергия топтогучтар) долбоорлордун наркынын өсүшү болот, бул алардын ишке ашырылышын жарым-жартылай жайлатат деп эсептейт ал. Бул сегменттеги ири инвестициялык долбоорлор, кантсе да, токтотулушу күмөн.
Макроэкономикалык көз караштан алганда, импорттун кымбатташы валюта рыногуна басымды күчөтүп, долларга болгон суроо-талапты жогорулатышы мүмкүн. «Бирок бул жерде кеп тутумдук кризис жөнүндө эмес, тескерисинче, локалдык эффект тууралуу болуп жатат», — деп жыйынтыктады Абдыров.