Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөт

05.12.2025 | 10:58

Кыргызстанда Балык чарбасын жана аквакультураны өнүктүрүү боюнча улуттук борбор түзүлөт. Борбордун расмий ачылышы 2026-жылдын экинчи кварталына пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, улуттук борбор Регионалдык акклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн базасында түзүлөт.

Борбордо балык түрлөрүн өндүрүү жана улоо боюнча иштерди жүргүзүүнү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу программаларын\ ишке ашырылат. Мындан тышкары борбор студенттер, илимий кызматкерлер, балык чарба адистери үчүн илимий аянтча катары пайдаланылат.

Бул долбоорду ишке ашырууну талкуулоо үчүн Балык өнөр жайы комплекси департаменти Корея деңиз институтунун (KMI) жетекчилиги менен жыйын өткөргөн. Департаменттин директору балык чарба тармагы үчүн маанилүү болгон бул долбоорду ишке ашырып жаткан кореялык тарапка ыраазычылыгын билдирген.

Scroll to Top