Садыр Жапаровго Эл аралык тынчтык сыйлыгы ыйгарылды
Президент Садыр Жапаров Л.Н. Толстой атындагы абройлуу Эл аралык тынчтык сыйлыгынын лауреаты болду. Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусунда өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров менен катар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев да сыйлыктын лауреаттары болушту. Үч өлкөнүн лидерлеринин Борбор Азияда коопсуздукту чыңдоого кошкон олуттуу жеке салымына жогору баа берилди.
Бул чечимге 2025-жылдын 31-мартында үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кошулган жери жөнүндө келишимге, ошондой эле Түбөлүк достук жөнүндөгү Хожент декларациясына кол коюлушу негиз болду. Бул кадамдар чек ара маселелерин биротоло жөнгө салууга жана аймактын туруктуулук зонасы катары макамын бекитүүгө шарт түздү.
Өзүнүн жооп сөзүндө Садыр Жапаров бул сыйлык Борбор Азияны ишенимдин, ынак коңшулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн мейкиндигине айландыруу боюнча биргелешкен аракеттердин бааланышы экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчы жетишилген макулдашуулар элдердин тынчтыкка болгон чын ыклас умтулуусун чагылдырып, аймактык гана эмес, жалпы евразиялык коопсуздук үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи. Президент сөзүн кыргыз адабиятынын классиги Чыңгыз Айтматовдун: «Адамзаттын келечеги маданияттардын жана элдердин диалогу аркылуу гана мүмкүн», — деген символикалуу цитатасы менен жыйынтыктады.