Айыл чарба министри: Мамлекет дыйкандарды колдоп, миң тонна төө буурчак сатып алган
Мамлекет Талас облусунун фермерлеринен 1 тонна төө буурчакты 95 сомдон сатып алган. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим күзүндө, баалар тушүп жаткан маалда, жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында кабыл алынып, жалпысынан 100 млн сомго сатып алуу болгон.
“Бирок азыр баа күндө акырын-акырын көтөрүлүп жатат. Бааны көзөмөлдөп жатабыз, январь-февраль айында көтөрүлөт деп күтүлүүдө”,- деди министр.
Ошондой эле ал төө бурчакты экспорттоо боюнча Индия, Иран, Орусия жана Түркия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азыркы тапта Дубайдын базарына чыгаруу маселеси каралып жатканын билдирди.
Министр президенттин тапшырмасы менен төө бурчакты кайра иштетүү ишканасын куруу пландалып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары фермерлерге төө бурчактан башка өсүмдүктөрдү өстүрүү сунушталууда.
“Таластагы дыйкандарга төө бурчак эле эмес, дагы башка өсүмдүктөрдү эгүүнү сунуштайбыз. Мисалы кант кызылчасын, өсүмдү майына жарактуу рапс жана сафлор өстүрүүнү сунуштайбыз. Анткени бүгүнкү күндө бизде сафлор майын өндүргөн 50дөн ашык цехтер ачылып, өзүн-өзүн актап жатышат. Андан май да чыгат, жемге да кетет”,- деди ал.