Жогорку соттун судьялыгына талапкер болуу үчүн 10 жылдык стаж талап кылуу сунушталууда

24.12.2025 | 15:13

Кыргызстанда Жогорку соттун судьялыгына 10 жыл судьялык стажы барларды гана талапкер болууга уруксат берүү сунушталууда. Президенттик администрация тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Анда Кыргызстандын “Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” жана “Судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Мыйзам долбоордо Жогорку соттун судьялыгына талапкерлер үчүн жергиликтүү сотто судья болуп иштеген стаждын минималдуу мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу сунушталууда. Мындай талап биринчи жана апелляциялык инстанцияны бөлбөстөн, жергиликтүү соттордун жалпы стажы катары эсептелет. Башкача айтканда, талапкердин юридикалык кесип боюнча кеминде 15 жылдык тажрыйбасы жана анын ичинде жергиликтүү сотто 10 жыл судьялык иш стажысы бар болушу керек.

Долбоордун негиздеме-маалым катында Жогорку сот өзгөчө татаал иштерди, кассациялык даттанууларды жана башка маанилүү иштерди карары жана сот практикасын калыптандырууда негизги роль ойноору белгиленген. Ошондуктан 5 жылдык минималдуу судьялык стаж жогорку инстанциянын милдеттерин толук аткарууга жетишсиз болуп, 10 жылдык тажрыйба талапкердин кесиптик жетилгендигин, тартиптик туруктуулугун жана чечимдеринин сапатын объективдүү баалоого мүмкүндүк берет деп көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоорунда дагы бир норманы киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, судья жалпы пенсиялык куракка жеткен-жетпегенине карабай, эгер судьялык иш стажы 20 жылдан кем эмес болсо, пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгууга жана “иштеген жылдары үчүн” пенсия алууга укуктуу болот. Демилгечилер бул чара судьялык кызматтын жогорку жоопкерчилиги, туруктуу стресс, чектөөлөр жана кесиптик чарчоо факторлору менен негизделерин айтышат. Ошондой эле эрте пенсия судьянын көз карандысыздыгын бекемдеп, системаны пландуу жаңылоого жана жаш кадрларды тартууга шарт түзөт деп белгиленет.

Scroll to Top