Көк-Мойнок, Токтогул жана тоңгон Ара-Көл: Кыргызстандын табият кубулуштары аркылуу өткөн жолРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөт
Садыр Жапаров: Кумтөр жана “Кыргызалтын” акыркы үч жылда 2 млрддоллар таза киреше тапты
25.12.2025 | 15:04
Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда Кумтөр алтын кенинен акыркы үч жыл ичинде мамлекетке 2 млрд доллар таза киреше түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, “Кыргызалтын” ишканасы быйыл 200 млн доллар киреше тапты.
Буга чейин дотацияда отурган Макмал алтын кени быйыл 670 млн сом таза киреше менен чыкты. Ошондой эле “Кыргызалтындын” алтын куймаларын саткан дүкөндөрү өткөн жылы 735 млн сом таза киреше киргизди.
Президент буга чейин чыгашага иштеп, мамлекеттик бюджетке таянган тармактар да кирешеге чыгып жатканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика