Бишкек жана Чүй облусундагы сүт заводдорунун лабораториялары стандарттарга шайкештиги боюнча текшерилди

17.04.2026 | 10:13

Суу ресурстары министрлигине караштуу Ветеринария кызматы Бишкек жана Чүй облусундагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын көзөмөлдөөчү лабораторияларына мониторинг жүргүздү. Ишканаларга чийки сүттүн сапатын лабораториялык көзөмөлдөө жана Бажы союзунун сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентинин талаптары боюнча консультациялык жардам көрсөтүлдү.

Ветеринардык препараттардын калдыктарын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Учурда заводдук лабораториялар антибиотиктердин төрт гана түрүн — левомицетин, тетрациклин, стрептомицин жана пенициллинди аныкташат. Калган 75 түрдүн калдыктары мамлекеттик мониторингдин алкагында Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда аныкталат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ишканаларга ISO/IEC 17025 эл аралык стандарты боюнча аккредитациядан өтүү сунушталды.

Scroll to Top