Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледи

25.12.2025 | 19:00

25-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 13-сапка жайгашты.

Учурдагы AQI индекси 153 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «зыяндуу» деп саналат.

Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштамалар

Көрсөткүчтөр «Жакшы» (0-50) болгондо, сыртта ээн-эркин убакыт өткөрүүгө болот.

Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезимтал адамдарга көчөдө көпкө жүрбөө сунушталат.

Ал эми «Ден соолукка зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлде — сыртта жүрүү убактысын чектөө, «Абдан зыяндуу» (150-249) учурда — үйдө калуу, ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде — кыска убакытка болсо да көчөгө чыкпоо керек.

Scroll to Top