Министрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жокАзия кубогу-2027: Кыргызстан Иран, Сирия жана Кытай менен бир тайпада ойнойтБорбор Азиянын суу көйгөйлөрүн чогуу чечүү керек — окумуштууКыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөт
90 млн сом зыян — Туризм фондунун чиновниктери каражатты максатсыз короткон деп шектелүүдө
23.04.2026 | 10:49
Башкы прокуратура Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду, деп билдирет көзөмөл органынын басма сөз кызматы.
2022-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде фонддун кызмат адамдары жеке уюмдар менен туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, туризмди өнүктүрүү тармагында жалган ийгиликтерди көрсөтүү максатында, мамлекет үчүн пайдасыз болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерди түзүшкөнү, бирок алар кийинчерээк ишке ашырылбаганы аныкталган.
Аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 90 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом