Көк-Мойнок, Токтогул жана тоңгон Ара-Көл: Кыргызстандын табият кубулуштары аркылуу өткөн жолРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөт
26-декабрга карата аба ырайы
26.12.2025 | 09:00

Бүгүн, 26-декабрда, Чүй, Талас облустарында кар аралаш жаан жана кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын айрым дыйканчылык аймактарына, өрөөндөрүнө, тоо этектерине жана ашууларга кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун Алай өрөөнүнө кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -4…1°C, күндүз 0…5°C;
- Талас облусунда түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 3…5°C;
- Ош облусунда түнкүсүн -1…1°C, күндүз 4…6°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1…1°C, күндүз 4…6°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 0…-2°C, күндүз 3…5°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6°C, күндүз 1…4°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -11…-13°C, күндүз -2…-4°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°C, күндүз 4…6°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом