Кыргызстандын түштүгүндө эки көмүр кени ишке кирди

25-декабрда Кыргызстандын түштүгүндө «Маркай» жана «Сүлүктү-11» көмүр кендери ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасы билдирди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында ачылган «Сүлүктү-11» көмүр кенинин жалпы аянты 863,1 гектарды түзөт. Анда 82,7 млн тонна көмүрдүн кору жайгашкан. Бул жерден жылына 900 миң тонна көмүр казып алуу пландалууда.
Мындан тышкары кендин ишке кириши менен 200дөн ашык жергиликтүү тургун жумуш орундары менен камсыз болот.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Маркай” кени ишке кирди. Анын аянты 292 гектарга барабар, көмүрдүн кору 8,207 млн тоннаны түзөт.
«Кыргызкөмүр» аталган кендердин ишке кириши өлкөнүн көмүр тармагын өнүктүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, ишкана быйылкы жылы 1 млн 350 миң тонна көмүр казып алган. Анын ичинен чет өлкөлөргө 400 миң тоннадан ашык көмүрдү экспорттогон.