Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Бишкекте мас айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен
28.12.2025 | 13:47
Коомдук ишмер Эртай Искаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Бишкекте болгон жол кырсыгынын видеосун жарыялады.
Алдын ала маалымат боюнча, каргашалуу окуя 27-декабрда саат 23:30 чамасында болгон. Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 7-апрель көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, рулда 2004-жылы туулган Р.М.Д. аттуу жаран болгон. Жабырлануучу — 1995-жылы туулган К.А. — алган жаракаттарынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.
МККБнын кызматкерлери айдоочуну аныктап, кармашкан. Экспертизанын корутундусуна ылайык, ал транспорт каражатын башкарып бараткан учурда алкоголдук мас абалында болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат