Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
Оштун мэри 8 балалуу энеге үй белек кылды
29.12.2025 | 10:45

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 8 балалуу энеге жаңы жылдык белек катары үй тапшырды. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
8 баланын энеси Роза Абдыкарова С. Жигитов мектебинде көп жылдан бери пол жууп иштейт. Ал буга чейин батирлеп жашап жүргөн. Мектептен иштеп тапкан каражаты ижара акысына жана күнүмдүк тамак-ашына гана жетчү.
Токторбаев аталган мектепке текшерүү менен барганда көп балалуу эненин абалы менен таанышып, ага жардам берүүнү убадалаган.
“Шаар мэри айткан убадасын бүгүн иш жүзүндө аткарып, үйдүн ачкычын тапшырды. Турак жай толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жашоого бардык шарттары бар”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле көп балалуу энеге үй тиричилигине керектүү муздаткыч, газ плитасы, аристон жана сыналгы белекке берилгени айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом