Президенттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

29.12.2025 | 15:50

«Ынтымак-Ордо» резиденциясында Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жыйынтыктоочу кеңешмеси өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик аппараттын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн экономикалык жана административдик жыйынтыктары чыгарылды.

Сунушталган маалыматтарга ылайык, жыл жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 10%дан ашты, бул өлкөнү экономикалык өнүгүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кошту. ИДПнын жалпы көлөмү 1,8 трлн сомго жетти. Республиканын консолидацияланган бюджети биринчи жолу 1 трлн сомдук чектен ашты, ал эми республикалык бюджет 34,3 млрд сом өлчөмүндөгү профицит менен аткарылды.

Адылбек Касымалиев бюджеттик саясаттагы сапаттык өзгөрүүнү баса белгиледи: 2025-жылы өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалган мамлекеттик чыгымдар биринчи жолу социалдык төлөмдөрдүн көлөмүнөн ашып түштү. Эсептик мезгилде өлкө аймагында 341 инфратүзүмдүк объект пайдаланууга берилди.

Кеңешменин алкагында аймактык, тармактык жана тышкы саясатты, ошондой эле укуктук камсыздоону жана чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү тейлеген түзүмдөрдүн ишине баа берилди. Администрация жетекчиси коюлган тапшырмалардын аткарылышы бардык бөлүмдөрдүн координацияланган өз ара аракетинин натыйжасы болгонун белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев айырмаланган кызматкерлерге Министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана Кабмин Төрагасынын атынан ыраазычылыктарды тапшырды. 2026-жылы Администрация президенттин стратегиясынын алкагында Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ишти улантары белгиленди.

Scroll to Top