Кыргызстан Россияга каршы жаңы пакеттин алкагында Европа Биримдигинин санкцияларына алгачкы ирет туш болду

23.04.2026 | 15:28

Европа Биримдиги Россияга каршы санкциялардын 20-пакетин кабыл алууга даяр. Негизги чаралардын арасында — үчүнчү өлкөгө карата санкцияларды айланып өтүүгө каршы инструментти биринчи жолу колдонуу экенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бул соккуга Кыргызстан кабылды: ЕБден экспорттоого толук тыюу салынган тизмеге ЧПУ (санариптик программалык башкаруу) менен жабдылган металл кесүүчү станоктор жана коммуникациялык жабдуулар кирди. Ошол эле учурда бир нече жергиликтүү логистикалык компаниялар биримдиктин транспорттук инфратүзүмүнө кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Брюссель муну сооданын адаттан тыш өсүшү менен түшүндүрөт: өткөн жылы Европадан КРга электрониканын экспорту 800%га, ал эми республикадан РФга жеткирүүлөр 1200%га өскөн.

Европа Биримдиги биринчи жолу санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмди бүтүндөй мамлекеттин деңгээлинде колдонду — буга чейин чектөөлөр айрым компанияларга гана (Кытайда, Өзбекстанда же Кыргызстандын өзүндө) киргизилип келген.

Бул инструмент 2023-жылдагы 11-санкциялык пакетте эле каралган, бирок аны азыр гана активдештирүүнү чечишти. Брюсселде Бишкек «боз» каналдарды жабуу үчүн натыйжалуу чараларды көрбөй жатат деп эсептешти.

Европадан Кыргызстанга экспорттоого толук тыюу салынган эки негизги топко төмөнкүлөр кирди:
— металлды жогорку тактыкта кесүүчү жана калыптандыруучу санариптик программалык башкаруу (ЧПУ) менен жабдылган металл кесүүчү станоктор. ЕБ бул технологиялар аскердик-өнөр жай комплекси (АӨК) үчүн өтө маанилүү деп эсептейт;
— коммуникациялык жабдуулар: модемдер, роутерлер, радиостанциялар жана үн, сүрөт, маалыматтарды берүү үчүн башка түзүлүштөр.

Мындан тышкары, бир нече кыргызстандык логистикалык компаниялар Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн транспорттук тармактарына жана портторуна кирүү укугунан ажыратылды. Эми каалаган европалык компания республикага атүгүл уруксат берилген товарларды сатууда, продукция РФнын рыногуна кетпей турганын далилдөөгө милдеттүү.

Эске салсак, Кыргызстанга санкциялык кысым этап-этабы менен күчөп келген. Маселен, 2025-жылдын октябрында ЕБ «Толубай» жана «Евразиялык аманат банкы» банктарын санкциялык тизмеге киргизген. Ошол эле жылдын августунда Улуу Британия «Капитал Банкка» жана эки криптобиржага чектөөлөрдү киргизген.

Scroll to Top