Депутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырышты
Жогорку Кеңештин депутаттары «Баатыр энелердин» балдарына окуу акысына жеңилдик берүүнү жактырышты. Чечим бүгүн пленардык жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды.
Буга чейин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү жеңилдигин берүү жөнүндө токтом долбоорун жактырган.
Долбоор менчик формасына карабастан, жогорку окуу жайларында контракттык негизде окуу акысына 50 пайыздык жеңилдик берүүнү карайт. Жеңилдик биринчи жолу жогорку билим алып жаткандарга берилет.
Министрлер Кабинетине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана жеңилдик берүү тартибин аныктоо тапшырылды. Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигине жеңилдикти колдонуу механизмин иштеп чыгуу жана алуучулардын эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуу сунушталды.
Финансы министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, бул максаттар үчүн бюджетте каражат каралган.