Темирбек Эркинов Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды

31.12.2025 | 11:35

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Темирбек Эркиновду тааныштырды.

Дайындоо Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык жүргүзүлдү. Тааныштыруу учурунда Эдил Байсалов Темирбек Эркиновдун мамлекеттик башкаруу жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү тажрыйбасын белгилеп, саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү үчүн санариптик трансформациянын маанилүүлүгүн баса айтты.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жаңы орун басардын жетекчилиги астында тармакка санариптик чечимдер натыйжалуу киргизилерине ишеним артты. Иш-чарага Саламаттык сактоо тутумунун ардагерлер ассоциациясынын төрагасы Накен Касиев да катышып, ардагерлер коомчулугу учурдагы реформаларды колдоого жана ведомствонун ишиндеги уланмалуулукту камсыздоого даяр экенин ырастады.

Темирбек Эркинов буга чейин бир катар жогорку кызматтарды ээлеген, анын ичинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жардамчысы болуп иштеген жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Ошондой эле ал Бангладештин КРдагы ардактуу консулу болгон.

2023-жылдын май айында Эркинов коррупция боюнча кылмыш ишинин фигуранты болуп, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк ал эркиндикке чыккан: күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзгөндүгүнө байланыштуу тергөөнүн өтүнүчү менен сот аны тергөө абагынан бошоткон. 2024-жылдын октябрында ал Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган болчу.

Scroll to Top