Эми айрым кесип ээлери күнүнө 6 сааттан гана иштейт. Өкмөт жаңы токтом кабыл алды

12.01.2026 | 17:23

Министрлер кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, тизмеге кирген кызматкерлер күнүнө эң көп 5 же 6 сааттан гана иштеши керек. Тизмеге ар кандай тармактагы жумушчулардын 100дөн ашуун категориясы киргизилген.

Документ Кыргызстандын Эмгек кодексинин жаңы редакциясына ылайык, өзгөчө мүнөздөгү жумуштарда иштеген кызматкерлердин эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана жүктөмүн эске алуу менен иштелип иштелип чыккан.

“Токтомдун аткарылышы эмгек нормалоонун жана эмгек процесстерин пландаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт”,- деп билдирди өкмөт.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн, 12-январдан, тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top