Баткен облусунда сейрек кездешүүчү карчыга жапайы жаратылышка кое берилди

14.01.2026 | 17:09

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жырткыч кушту табигый жашоо чөйрөсүнө кайтаруу иш-чарасын жүргүзүштү.

Буга чейин карчыга облустагы айылдардын биринин аймагына учуп кирип, жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Окуя болгон жерге мекеменин инспекторлору барып, кароо жүргүзүү үчүн канаттууну өткөрүп алышкан. Тиешелүү адис тарабынан текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин, карчыганын жаракаты жок экени жана эркиндикке кайтууга даярдыгы аныкталган. Канаттуу тоолуу аймактагы өзүнө ыңгайлуу табигый чөйрөсүнө ийгиликтүү кое берилди.

Карчыга — негизинен токойлуу жана тоолуу аймактарды байырлаган, күндүз ууга чыгуучу жырткыч куш. Кыргызстанда канаттуунун бул түрү сейрек кездешүүчүлөрдүн категориясына кирет жана экологиялык тең салмактуулукту сактоодо олуттуу роль ойнойт.

Жаратылыш ресурстары министрлиги КР мыйзамдарына ылайык, жапайы жаныбарларды жана канаттууларды эркиндиктен ажыратып мыйзамсыз багууга, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүүгө тыюу салынарын эскертет. Мекеме жарандарды калктуу конуштарда жапайы жаныбарларды кезиктирген учурда адистерге кабарлоого жана аларды өз алдынча кармап калууга аракет кылбоого чакырат.

Scroll to Top