Кыргызстанда зергерчилик тармагы үчүн ири салыктык жеңилдиктер киргизилди

15.01.2026 | 16:38

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр үчүн жаңы салыктык артыкчылыктар күчүнө киргенин маалымдайт. Тиешелүү өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүштү жана экспортту колдоо саясатынын алкагында 2025-жылдын 31-декабрындагы мыйзам менен Салык кодексине киргизилди.

Жаңы мыйзамга ылайык, зергерчилик өндүрүшүнө атайын багытталган жабдууларды, технологияларды, химиялык реактивдерди жана жарым фабрикаттарды өлкө аймагына алып кирүү кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотулат. Бул чара продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана ишканаларды техникалык жактан модернизациялоого багытталган.

Документте буга чейин алынып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын калдыктарын легалдаштыруу үчүн эки айлык мөөнөт каралган. Бул мөөнөткө зергерчилик тармагынын субъекттерине карата салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий киргизилет, бул бизнести көмүскөдөн чыгарууга шарт түзүшү керек.

Мыйзам пробалоонун жаңы эрежелерин киргизет: ата мекендик өндүрүүчүлөргө (мамлекеттик пробирдик эн тамгадан тышкары) буюмдарга өзүнүн эн тамгасын (клеймо) басуу функциясы ыктыярдуу негизде берилет.

Артыкчылыктар менен катар рынокко көзөмөл да күчөтүлүүдө. Укук бузуулар жөнүндө кодекске атайын эсепке турбастан ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик киргизилди:

  • жеке жактар үчүн айып пул — 5 000 сом;
  • юридикалык жактар үчүн — 13 000 сом.

Салык кызматы бул тармакты системалуу колдоонун экинчи этабы экенин эскертет: буга чейин, 2025-жылдын июль айында зергерлер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 2–4%дан 0,25%га чейин төмөндөтүлгөн. Кабыл алынган чаралар топтому кыргыз зергер буюмдарынын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана өндүрүштүн дүйнөлүк сапат стандарттарына шайкеш келишин камсыздоого багытталган.

Scroll to Top