13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? Рейтинг
Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыкты
15.01.2026 | 18:00
15-январдагы мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Бишкекте абанын булганышы кыйла начарлаганы байкалууда. Абанын сапатынын индекси (AQI) 270дөн 360ка чейинки көрсөткүчтү түзүүдө, бул адамдардын ден соолугу үчүн «абдан зыяндуу» жана «кооптуу» деңгээл болуп саналат.
Дем алуу системасы үчүн өзгөчө кооптуу болгон PM2.5 майда бөлүкчөлөрү негизги булгоочу зат катары калууда. Мындай көрсөткүчтөр учурунда жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдары ооруган адамдар, кары-картаңдар жана балдар өздөрүн начар сезиши мүмкүн.
Мындай күндөрү дарыгерлер мүмкүн болушунча сыртка чыкпоону, терезелерди жабык кармоону жана имарат ичинде аба тазалагычтарды колдонууну сунушташат. Өнөкөт оорусу бар адамдар жана балдар өзгөчө этият болушу зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом