Кыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайы
Мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуя боюнча териштирүү башталды
16.01.2026 | 11:23
Бишкек шаарындагы №87 орто мектебинде кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну урган окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Учурда Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуяны жеке көзөмөлүнө алды.
Ошондой эле мындай окуялар кайталанбашы үчүн тренингдерди өткөрүүгө мектептерге психологдор жөнөтүлөрү айтылды.
Азыркы тапта соцтармактарда аталган мектепте мугалим окуучуну тактанын алдында уруп жатканы тартылган видео тарап жатат. Бул окуя коомчулукта чоң талкууну жаратууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим