30-декабрь: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болотСалык жыйымдары рекорддук 389 млрд сомго жетти. МСК жыл жыйынтыгын чыгардыПрезиденттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынатКамчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалдыКумтөрдүн кирешеси 124 млрд сомдон ашты
ЖАМК: Абактарда 6 ай ичинде 60 мыйзамсыз факты катталды (фото)
08.07.2019 | 17:09
Акыркы 6 ай ичинде абак жайларда тыюу салынган буюмдарга бөгөт кою үчүн 60 факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
- 53 иш тыюу салынган буюдарды абак жайларга алып кирүү;
- 4 иш наркотикалык каражаттарды, психотроптуу заттарды мыйзамсыз даярдоо;
- 2 иш ден соолукка жеңил жаракет келтирүү;
- 1 иш башкалардын мүлкүн бузуу фактысы боюнча катталган.
Учурда 40 иш ЖАМК тарабынан иликтенип бүтүп, райондук сотторго жиберилген. Ал эми 29 ишке 625 000 сомдук айып пул салынган.
ЖАМК бардык адамдарга, соттолгон тааныштарына жолугуу үчүн абак жайларга келген учурда тыюу салынган заттарды алып келбөөгө чакырат. Тыюу салынган буюмдарды абак жайларга киргизүүгө аракет кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Рубрики: Жаңылыктар