Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акция узартылат
19.01.2026 | 12:58

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акция узартылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Акция 15-январдан 15-февралга чейин жүргүзүлмөк. Анын айтымында, бир ай ичинде айдоочулук күбөлүктү алмаштыра албай калгандар үчүн кошумча убакыт берилет. Ошондой эле алмаштырууда 083 медициналык маалым каты дагы талап кылынбайт.
Буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев күбөлүктөрдү эмне себептег алмаштыруу керектигин түшүндүргөн. Анын айтымында, эски айдоочулук күбөлүктөр санариптештирилген эмес, коргоосу начар жана кээ бир коңшу мамлекеттерде таанылбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом