Тайгактын кесепетинен 19 күндүн ичинде 295 адам жаракат алды

2026-жылдын 1-январынан 19-январына чейин тайгактан жаракат алган 295 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Спорттук-реабилитациялык борбордун жаракаттар пунктунун маалыматында, 227 бейтапка сынуу диагнозу коюлуп, гипс салынган. Калган 68 учур көгала жана чоюлуп кетүү жаракаттары катары катталган.
Медициналык адистер жаракат алуунун негизги себеби катары тайгак тротуарларды, тепкичтерди жана жөө өтмөктөрдү белгилешти.
Мындан улам министрлик жарандардан төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштады:
- Тайгак жерде шашылбай, кескин кыймылдарды жасабай жүрүү зарыл.
- Басканда тизелерди бир аз бүгүп, денени алдыга эңкейтүү керек.
- Тең салмакты сактоо үчүн колду чөнтөккө салбай жүрүү сунушталат.
- Улгайган адамдарга учунда резинасы бар таяк колдонуу сунушталат.
- Чатырлардан муз түшүү коркунучу бар болгондуктан, имараттардын дубалдарына жакын басуу кооптуу.
- Жолдун автоунаа жүрүүчү бөлүгүнөн алыс болуп, жолду жөө өтмөктөр аркылуу гана кесип өтүү керек.
- Тепкичтен түшкөндө бутту тепкичке узунунан коюу зарыл.
Мындан тышкары тайгаланбаган бут кийим кийүү керек. Тайгаланууну азайтуу үчүн бут кийимдин таманына лейкопластырь же изоляциялык лента жабыштыруу, же таманды наждак кагазы менен сүртүү сунушталат.
Министрлик тайгаланып, жаракат алган учурда өз алдынча дарыланбай, дароо медициналык жардамга кайрылуу керектигин эскертти.