Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
2025-жылдын мыкты мугалимине батирдин ачкычы тапшырылды
21.01.2026 | 17:17

Бүгүн, 21-январда, “Жылдын мыкты мугалими – 2025” сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асановага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ачкычы берилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Ал сынактын райондук жана облустук этаптарынан өтүп, республикалык турда баш байгени утуп алган.
Беш баланын энеси Элзат Асанова аталган турак жай балдарынын келечектеги билим алуусу үчүн колдонуларын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом