ЖК спикери кафе-ресторандагы баалар негизсиз жогорулап кеткенин айтып, өкмөттү сындады

28.01.2026 | 12:26

Бүгүн, 28-январда, өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу тейлөө тармагындагы баалардын өсүп кеткенин, калк буга нааразы болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, кафе-ресторандардын ээлери мурдагы 10-15 пайыздык тейлөө акысын тамак-аштын баасына кошуп коюшкан. Бул жагдай жарандардын чөнтөгүнө мурдагыдай эле терс таасирин тийгизүүдө. Төрага мындай кадамдарды жасоодон мурун тийиштүү анализ жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

“Бизде такси кызматы болобу, чач тарач болобу бардык тейлөө тармактарындагы баа дүйнөлүк ири шаарлардан да ашып кетти. Эл буга өтө нааразы”,- деп билдирди ал.

Ошондой эле спикер бул жагдай боюнча Министрлер кабинети эч кандай иш алып барбай жаткандыгын сынга алып, февраль айында аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн чакырып, бул маселелерди ачык талкуулоону сунуштады.

Министрлер кабинети 2025-жылдын аягында кафе-ресторандарга тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салган токтом кабыл алган. Токтом 2026-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Бул жаңы чара иш жүзүндө кафе-ресторандардагы баалардын кескин өсүшүнө алып келип, коомдо нааразычылыктарды жараткан.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев Reporter.kg редакциясына бул боюнча маек берип, ишкерлер тамак-аштын баасын өзүлөрү коюуга укуктуу экенин, мекеме бааны жөнгө сала албастыгын билдирген.

Scroll to Top