Таласта 31-августка карата робот-гиддери бар масштабдуу «Баластан» оюн-зоок борбору курулат
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Максат Байжигитов «Баластан» заманбап балдар оюн-зоок комплексинин курулуш жүрүшүнөн кабар алды. Талас шаарында ишке ашырылып жаткан бул ири долбоорду 2026-жылы өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата толук бүткөрүү пландалууда.

Жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзгөн объект Шамбетов көчөсүндө облус жетекчилигинин демилгеси жана Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулууда. Курулуш иштерин КР Курулуш министрлигине караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Учурда кыш мезгилине карабастан, курулуш аянтчасында 115 жумушчу эмгектенүүдө.
«Баластан» комплексинин инфратүзүмү инновациялык музейлерди, лабиринттерди, кинотеатрларды, боулинг жана балдардын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө багытталган атайын борборлорду камтыйт. Долбоордун башкы технологиялык өзгөчөлүгү — жасалма интеллектти колдонуу болмокчу. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк кытай тарап менен гид кызматын аткара турган жана келүүчүлөр менен кыргыз тилинде баарлашкан 5–6 роботту алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Максат Байжигитов аймактагы бардык ири курулуш объекттери 31-августка чейин пайдаланууга берилиши керектигин баса белгиледи. Талап кылынган мындай ыкчам мөөнөт 2026-жылы Талас облусу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларды республикалык деңгээлде өткөрүүчү негизги аянтча болору менен шартталган. Жаңы «Баластан» борборунун ишке кириши мааракелик датага карата аймактын социалдык инфратүзүмүн өнүктүрүүгө кошулган олуттуу салым болуп калмакчы.