Нарында облустук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облустук жана Нарын райондук прокуратураларынын жаңы имараттарын ачты.
Минкабдын маалыматында, облустук прокуратуранын имаратын курууга республикалык бюджеттен 85,5 млн сом бөлүнгөн. Имаратта иш кагаздарын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандар менен иштөөнү жеңилдетүүгө шарттар түзүлгөн.
Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Адылбек Касымалиев прокуратура органдарынын мамлекеттик өнүгүүдөгү ролун белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө Камбар-Ата–1 ГЭСи жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлор ишке ашууда. Ал мындай масштабдуу өзгөрүүлөрдө коррупцияга жол бербөө, акыйкаттуулук жана калыстык менен иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.
«Президентибиз кыялыбыздагы жаңы Кыргызстанды курабыз деп жатат. Мындай учурда мамлекеттен айлык алган мугалимден тартып прокурорлорго чейин баары өзгөрүшү керек. Прокуратура бул багытта президенттин жардамчысы болууга тийиш», — деди өкмөт башчы.
Мындан тышкары, Нарын облусунда 9,4 млрд сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгы маалымдалды.