Быйыл Бишкек шаарына 20 жаңы мектеп курулат

02.02.2026 | 12:27

Быйыл, 2026-жылы, Бишкек шаарына 20 жаңы мектеп салынат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Курулуш министрлигинин маалыматында, учурда мектептердин курулуш аянты белгиленип, долбоордук-сметалык документтери даярдалган. Ошондой эле алардын бир нечесинин курулушу башталганы турат:

  • Көк-Жар конушуна 500 орундуу мектеп;
  • Өскөн-Ордо конушуна 3 кабаттуу, 750 орундуу жаңы мектеп;
  • Көк-Жар айылына 3 кабаттуу, 750 орундуу жаңы мектеп;
  • Дордой конушундагы №94 орто мектебинин жаңы 3 кабатуу окуу корпусу;
  • Свердлов районундагы №46 орто мектептин жаңы окуу корпусу;
  • Кара-Жыгач конушундагы №91 орто мектебинин жаңы окуу корпусу.
Scroll to Top