Кыргызстанда жумуртка, өсүмдүк майы жана сүт арзандады — Айыл чарба министрлигиКыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугуштуУлан Маматканов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалдыТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды – толугураак15-апрелге карата аба ырайыБишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилди
Бишкекте 19 жаштагы жигит баңгизат катып жаткан жеринен милиция кызматкерине кармалды
02.02.2026 | 12:52

Бишкек шаарында 19 жаштагы жигит баңгизат катып жаткан жеринен милиция кызматкерине кармалды.
Бишкек ШИИБдин маалыматында, 31-январда Биринчи май райондук милициясынын кызматкери Огородная көчөсүндө кызмат өтөп жатып, жүрүм-туруму менен шек жараткан жигитти байкап калган. Текшерүү учурунда жигит баңгизаттарды жашырып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
19 жаштагы Т.Б. аттуу шектүү кармалган. Ошондой эле ал 29 даана оромодогу баңгизатты өткөрүп берген. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иши уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар