БАЭ Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режим киргизүү маселесин карап чыгат

03.02.2026 | 17:03

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-премьер-министри, ички иштер министри Сейф бин Заед Аль Нахайян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу Кабмин башчысынын БАЭге болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Диалогдун негизги темасы жарандардын өз ара каттамдарынын режимин жөнөкөйлөтүү болду. Адылбек Касымалиев эмираттык тарапка Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн БАЭге визасыз режимди киргизүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Министрлер кабинетинин башчысы былтыркы айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жөнүндө документке кол коюу байланыштарды чыңдоонун маанилүү этабы болуп калганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Сейф бин Заед Аль Нахайян өз командасына кыргызстандыктар үчүн визаны жокко чыгаруу маселесин кылдат иштеп чыгууну тапшырарын билдирди. Ал эки мамлекеттин башчыларынын тыгыз байланышынын натыйжасында Эмираттар Кыргызстанды достук мамиледеги өнөктөш катары карарын белгиледи.

Тараптар коопсуздук чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү өзүнчө блок менен талкуулашты. Кыргызстан укук коргоо ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана укук бузуулардын алдын алуу үчүн мониторингдин интеллектуалдык системаларын киргизүү боюнча БАЭнин тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдирди. БАЭнин ички иштер министри иш жүзүндө тажрыйба алмашуу үчүн республикага эмираттык адистерди жөнөтүүгө даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун катышуучулары трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана каржылык көз боемочулуктарга каршы күрөшүүдөгү учурдагы кызматташтыкка оң баа беришти. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар укук коргоо жана миграциялык чөйрөлөрдө эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүү ниетин ырасташты.

Scroll to Top