Евразия экономикалык форуму-2026нын негизги параметрлери бекитилди

04.02.2026 | 13:21

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-кеңсесинде Евразия экономикалык форумунун (ЕЭФ-2026) Программалык комитетинин биринчи жыйыны өттү. Жыйынды ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов өткөрдү. Катышуучулар Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн башкы ишкердик окуясынын негизги параметрлерин жана тематикасын аныкташты.

Евразия экономикалык форуму 2026-жылдын 28–29-майында Казакстанда, Астананын Конгресс-борборунда (EXPO ишкердик комплекси) өтөт. Иш-чара Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына тушташтырылган жана Казакстан Республикасынын 2026-жылы ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусунун алкагында өткөрүлөт. ЕЭФ-2026нын ишкердик программасынын алдын ала архитектурасы түзүлдү: ал 6 тематикалык блокко бөлүштүрүлгөн 30дан ашык иш-чараны камтыйт — «Санариптик трансформация», «ЕАЭБдин ички рыногунун сапаты», «Евразиялык айкалышуу», «Технологиялар жана кооперация», «Форумдун алкагындагы иш-чаралар» жана «ЕАЭБ+».

Scroll to Top