Кыргызстандын Улуттук банкы жаңы каржы мекемеси — «Асман Банк» ЖАКка лицензия берди

06.02.2026 | 15:04

Кыргыз Республикасынын банк секторунда расмий түрдө жаңы катышуучу катталды. КР Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2026-жылдын 4-февралындагы чечими менен «Асман Банк» жабык акционердик коомуна улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди.

КР Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Асман Банк» ЖАК чет өлкөлүк катышуусу бар уюм болуп саналат. Банктын уюштуруучусу катары белгилүү россиялык финансист, «ВЭБ.РФ» мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясынын төрагасынын биринчи орун басары жана башкармалыгынын мүчөсү Михаил Валерьевич Кузовлев көрсөтүлгөн (ал буга чейин «Российский капитал» АКБнын башкармалыгын жетектеген).

Каржы мекемесинин жетекчиси болуп өлкөнүн банк тутумунда бай тажрыйбасы бар Эркеайым Биялиева дайындалды. Ал буга чейин мамлекеттик «Керемет Банк» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.

Банкты юридикалык каттоо 2024-жылдын июнь айында ишке ашкан, ал эми 2025-жылдын мартында кайра каттоо процедурасынан өткөн. Учурда уюм салыктык жол-жоболорду толук аяктап, КР Мамлекеттик салык кызматында жана Социалдык фондунда каттоодо турат.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын январында Улуттук банктын лицензиясын дагы бир жаңы каржы институту — «Алма Финанс Банк» ЖАК алган. Бул мекеме дагы чет элдик капиталдын катышуусу менен түзүлгөн, бирок анын уюштуруучулары Кытай жарандары (Ван Цюангань, Кан Цзяньлинь жана Лю Вэнь Чжун) болуп, ал эми башкармалыктын төрагалыгына Ван Син дайындалган. Рынокко ири чет элдик капиталдын катышуусу менен жаңы оюнчулардын келиши Кыргызстандын каржы секторунун инвестициялык жагымдуулугу өсүп жатканынан кабар берет.

Scroll to Top