Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулдуӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен барат
Ноокен районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери дүйнөдөн кайтты
09.02.2026 | 16:29
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери Ормон Дададжанов 99 жашында дүйнө салды. Ардагер 1945-жылдын мартынан 1950-жылдын апрелине чейин №26 кавалериялык полктун №1249 аскер бөлүгүндө кавалерист болуп кызмат өтөгөн. Аскерден кайтып келгенден кийин, 1950-1980-жылдары Масы айылында ширетүүчү (сварщик) болуп эмгектенген.
Ормон Дададжанов артында чоң үй-бүлө калтырды: анын бир уулу, алты кызы, 28 небереси жана 37 чөбөрөсү бар.
Анын дүйнөдөн кайтышы менен Жалал-Абад облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун эки гана ардагери калды: Базар-Коргон районунан 100 жаштагы Мурза Далиев жана Сузак районунан 101 жаштагы Мамасалы Жумаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом