№13 округдан шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште ант беришти

18.02.2026 | 13:17

Бүгүн, 18-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекованын ант берүү аземи болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды.

Эске салсак, 2025-жылдын 30-ноябрында өлкөдө парламенттик шайлоо өткөн. 3-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган. Буга бул округга караган 35 шайлоо участкасындагы мыйзам бузуулар себеп болгону айтылган.

Мындан улам БШК №13 округ боюнча кайрадан шайлоо өткөрүү тууралу чечим кабыл алып, ал ушул жылдын 1-мартында өтмөк.

Бирок ушул жылдын 13-февралында БШК кайрадан шайлоо өткөрүүнү токтотуп, 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп тапкан.

Scroll to Top