Парламент Жумгалбек Шабданбековду УКМКнын жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берди

18.02.2026 | 13:52

Бүгүн, 18-февралдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш Жумгалбек Шабданбековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.

Шабданбеков УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин ордуна келип жатат. Эми аны дайындоого Садыр Жапаров кол коюшу керек.

55 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн. Ал 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Ошондой эле атайын кызматтардын маалыматы боюнча, чалгындоо тармагында профилдик билимге ээ.

Эмгек жолун Талас облусунун салык кызматында инспектор жана улук инспектор болуп иштөөдөн баштаган. 1994-жылдан тарта улуттук коопсуздук органдарында ыкчам кызматкер катары иштей баштаган.

Шабданбеков ошондой эле Антитеррордук борбордо жана Коррупцияга каршы кызматта (АКС) эмгектенген. 2005-жылдан баштап Мамлекеттик күзөт кызматында (9-кызмат) маалыматтык-аналитикалык иштер башкармалыгын жетектеген.

2020-жылдын октябрь айынан тарта УКМК төрагасынын орун басары жана 9-кызматтын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта ал өлкө жетекчилигинин коопсуздугун жана стратегиялык мамлекеттик объекттерди коргоо ишин жетектеген. 2022-жылы ага «генерал-майор» аскердик наамы берилген.

Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошоткон.

Scroll to Top