«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат

19.02.2026 | 09:39

2026-жылдын башынан тартып «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тизме боюнча дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алууну ишке ашырууда.

Үстүбүздөгү жылы сатып алуулардын бир бөлүгүн БУУ тутумундагы уюмдардын механизмдери аркылуу өткөрүү пландалууда. Бул моделдин алкагында дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын 30га жакын түрүн түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу каралган. Мындай мамиле ортомчуларды четтетүүгө жана продукциянын сапатынын эл аралык стандарттарга, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) преквалификациясына шайкеш келишин камсыздоого мүмкүндүк берет.

Учурда зарыл болгон келишимдерди түзүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, глобалдык сатып алуу механизмдерин колдонуу өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 410 млн сомго жакын бюджеттик каражатты үнөмдөөгө жол ачат.

«Кыргызфармация» МИнин 2026-жылга карата негизги артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталды:

  • дары-дармек каражаттарынын наркын төмөндөтүү;
  • жеткирүүлөрдүн жогорку сапатын жана туруктуулугун камсыздоо;
  • мамлекеттик каржыны колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Scroll to Top