Атайын кызматтарга жана армияга айымдардын көз карашы: Кыргызстанда тарыхый прецедент түзүлдү

20.02.2026 | 15:11

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча парламенттик комитетинин төрайымы болуп шайланды. Тийиштүү чечим 19-февралдагы жыйында депутаттар тарабынан кабыл алынды.

Сурабалдиеванын талапкерлигин кесиптештеринин басымдуу бөлүгү колдоду: 69 депутат «макул» жана бирөө гана «каршы» добуш берди. Комитет башчысынын орду 17-февралда бул кызматты аркалаган Элдар Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арыз бергенинен кийин бош калган, андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутаттык мандатынан ажыраткан.

«Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков Reporter.kg басылмасына берген комментарийинде бул окуяны Кыргызстан үчүн «биринчи тарыхый тажрыйба» деп атады.

Күч түзүмдөрү боюнча комитеттин башында — айым

Игорь Шестаковдун айтымында, буга чейин өлкө тарыхында эл аралык кызматташтык үчүн гана эмес, түздөн-түз коопсуздук чөйрөсү үчүн жооптуу комитетти аял киши жетектеген учур болгон эмес.

«Бул дайындоо иш жүзүндө өлкө президентинин мамлекетти башкарууда аялдардын катышуусун кеңейтүү боюнча чечимине төп келди, ошондуктан бул жерде белгилүү бир окшоштуктар бар», — деп белгиледи эксперт.

Саясат таануучу дүйнөлүк тажрыйбада мындай учурлар сейрек эмес экенин баса белгиледи: чет өлкөлөрдө аялдар мурда аскер кызматына тиешеси болбосо да, Коргоо министрликтерин жетектеген мисалдар бар. Сурабалдиеванын өзү тууралуу айтып жатып, Шестаков аны борбор калаанын татаал районунан шайлоодо жеңип чыга алган «принципиалдуу саясатчы» катары мүнөздөдү, бул шайлоочулардын ага болгон ишениминен кабар берет.

Артыкчылыктуу багыт — эмгек миграциясы

Эксперт комитеттин жаңы төрайымы эмгек миграциясынын көйгөйлөрүнө басым жасайт деп болжолдойт. Бул багыт миллиондон ашык жараны чет өлкөдө иштеген Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Игорь Шестаков акыркы 2–3 жылда Россиядагы мыйзамсыз миграцияга каршы туруу темасы социалдык жана коомдук-саясий аспектилерде алдыңкы планга чыкканын эске салды.

Саясат таануучу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө өзгөчө токтолду.

«Тилекке каршы, биздин жарандардын маселелери боюнча, өзгөчө Евразия биримдигинде көйгөйлөр бар. Жана алар Евразия экономикалык комиссиясы сыяктуу тармактык мекемелерде чечилбей жатат», — деди Шестаков.

Аткаминерлерге карата сын-пикир

Парламенттин төрагасынын алдындагы миграция боюнча кеңештин мүчөсү болгон Игорь Шестаков Кыргызстандын эл аралык түзүмдөрдөгү өкүлдөрүнүн ишин кескин сынга алды. Алсак, ал ЕЭКтеги департамент башчысы Алтынай Өмүрбекованы атады. Саясат таануучу ал буга чейин Коопсуздук кеңешинин сунушу менен COVID-19дун алдын алуу ишин үзгүлтүккө учуратканы үчүн мамлекеттик кызматстан бошотулганын эске салды.

Маалымкат: 2020-жылдын 1-апрелинде Өмүрбекова 2018-жылдан бери аркалап келген вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган.

«Аны кийин Евразия экономикалык комиссиясына «сүргүнгө» жөнөтүшкөн окшойт — ал жерде эч кандай иш жүргүзүлбөй жатат», — деп билдирди эксперт.

Шестаков айрым чиновниктердин ишин төө куштун жүрүм-турумуна салыштырды.


«Биздин кээ бир аткаминерлердин ал жердеги ишмердүүлүгү мага башын кумга терең тыгып алып, пайда болгон көйгөйлөр топтомун байкабоого аракет кылган төө кушту эске салат», — деди саясат таануучу.

Эксперт Элвира Сурабалдиева ЕЭК сыяктуу негизги уюмдарда Кыргызстандын атынан барган чиновниктердин кесиптик деңгээлине көңүл бурат деген үмүтүн билдирди.

Чек ара жана социалдык маселелер

Эксперттин пикири боюнча, бул кызматка аял кишинин дайындалышы чек ара маселелерин чечүү өңүтүнөн да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Шестаков Тажикстан менен түзүлгөн келишимдер коопсуздукка гана эмес, социалдык маселелердин чоң блогуна да тиешелүү экенин эске салды.

«Ал жерде бардык талаштуу зоналарды жоюу үчүн аймактарды алмашуу болот. Ошондуктан азыр бизде коопсуздук маселелери гана түзүлбөстөн, алар параллелдүү түрдө социалдык чөйрөлөр менен да байланыштуу болот. Ошондуктан бул жерде аял кишинин катышуусу орундуу деп эсептейм», — деп түшүндүрдү ал.

Сөзүнүн аягында Игорь Шестаков Элвира Сурабалдиеванын коомчулукка таанымалдыгы жана ачыктыгынын аркасында, ЕАЭБдин жоболору боюнча иштеген жарандардын реалдуу көйгөйлөрү тууралуу коомчулук байма-бай билип турат деген ишенимин билдирди.

Scroll to Top