Кант шаарын беш жыл жетектеген мэр Улан Майлыбашев кызматын тапшырды

Чүй облусунун Кант шаарынын мэри Улан Майлыбашев өз каалоосу менен кызматтан кетүүдө. Тиешелүү арыз президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар маалымдады.
Белгилей кетсек, 2024-жылдан тарта Кант облустук маанидеги шаар статусун алгандыктан, муниципалитеттин жетекчилиги боюнча кадрдык чечимдерди түздөн-түз мамлекет башчысы кабыл алат.
Улан Майлыбашев Кант мэриясын беш жыл жетектеди. Бул мезгил аралыгында Канттын жергиликтүү бюджети үч эсеге өскөн. Эгерде 2021-жылы бюджет 179 миллион 294 миң сомду түзсө, 2026-жылга карата бул көрсөткүч 518 миллион 862 миң сомго жеткен. Ошондой эле шаарда бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылган:
- Негизги көчөлөргө асфальт төшөлгөн;
- Калкты тейлөө борбору (ЦОН) реконструкцияланып, жаңыланган;
- Шаардын бирдиктүү дизайн-коду киргизилген;
- Жаңы Жаштар паркы пайдаланууга берилген.
Улан Майлыбашевдин тушундагы резонанстуу чечимдердин бири жолбун иттерди атуудан толугу менен баш тартуу болгон. 2022-жылдан бери кыргыз-француз уюмдары менен биргеликте жаныбарларды стерилизациялоо, вакцинациялоо жана биркалоо иштери жүргүзүлүп келген. Бул саясат жаныбарларга этикалык мамиле кылуу принциптерин сактоо менен бирге, жолбун иттердин көбөйүшүнө байланыштуу даттанууларга жооп катары киргизилген.
2026-жылга карата Кант шаарында Майлыбашевдин жетекчилиги астында даярдалган бир катар долбоорлорду баштоо пландаштырылган:
- Инвестициялар: 6 миллион евро суммасындагы ири долбоор даярдалды, аны ишке ашыруу жакынкы арада башталышы керек.
- Социалдык чөйрө: Чүй облусунун чыгыш тарабындагы алгачкы кризистик борбордун курулушу пландалган.
- Билим берүү: Үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 500 орундуу жаңы мектептин жана 250 орундуу кошумча корпустун курулушу башталат.
- Соода: Жаңы муниципалдык базарды куруу үчүн документтерди даярдоо иштери жүрүүдө.
Кант шаарынын мэри болуп ким дайындалары президенттин расмий жарлыгынан кийин белгилүү болот.