АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик аракеттерди баштады. Иран жооп кайтарууда

Бүгүн, 28-февралда, Америка Кошмо Штаттары жана Израил Ирандын аймагына чабуул баштады. Алгачкы сокку Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин кеңсеси жайгашкан аймакка жасалганы маалымдалды.
Ирандык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн бардык аймактарында соккулар катталганын, борбор калаа Тегеранда түтүн көтөрүлүп жатканын билдиришти.
АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылуусунда Кошмо Штаттар Иранда «масштабдуу аскердик аракеттерди» баштаганын жарыялады. Ал Иран өзөктүк программасын өнүктүрүүнү улантып жатканын жана америкалык объекттерге сокку уруу үчүн ракеталарды иштеп чыгууну пландап жатканын билдирди.
Иран тараптан да Израилдин түндүк бөлүгүнө ракеталык соккулар жасалып, аймакта кооптуулук сигналдары жаңырууда. Израилдин жарандарына коопсуз жайларга жашынуу сунушталды.