Президент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындады

03.03.2026 | 17:14

Айбек Токтоболотов Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 46 жаштагы Токтоболотов элчилик кызматка дайындалганга чейин Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеп келген.

Буга чейин Катардагы элчилик кызматта Марат Нуралиев иштеген. Ал 2025-жылдын декабрында бошотулган.

Scroll to Top