Дастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсыз

05.03.2026 | 12:18

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүнкү жыйынында Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) окуучуларды катыштыруудагы чектөөлөр тууралуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлүнүн билдиришинче, ага Өзгөн районундагы мектептердин окуучуларынан аталган маселе боюнча кайрылуулар түшкөн. Маалыматка ылайык, айрым мектептер окуу жайдын рейтингин жогору кармоо максатында ЖРТга катыша турган окуучуларды өздөрү тандап, калгандарына тапшырууга уруксат бербей жатышат.

«Мектеп рейтингден түшпөйм деп 10 баланы тандап, ошолорду гана ЖРТга жиберет экен. Бул мыйзамсыз аракет. Кайсы мектепте ушундай кылып жатса, бул практиканы жоюу керек. Ар бир бала тест тапшырууга укуктуу жана мектеп буга тоскоолдук кылбашы зарыл», — деди Дастан Бекешев.

Депутат мындай көрүнүштөрдү токтотуу жана окуучулардын укуктарынын бузулушуна жол бербөө керектигин баса белгиледи.

Scroll to Top