РКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайт
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) борбор калаадагы билим берүү инфратүзүмүн кеңейтүүнү каржылайт. Фонд «Светоч» мектеби үчүн жаңы окуу корпусун курууга 1,8 миллион доллар бөлүү боюнча келишимге кол койду.
Жаңы төрт кабаттуу имарат 450 окуучуга ылайыкталган. Долбоор заманбап эл аралык стандарттарды эске алуу менен иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- адистештирилген STEM-лабораториялар;
- заманбап робототехника класстары;
- бардык балдардын билим алуусуна бирдей мүмкүнчүлүк түзүү үчүн толук инклюзивдик чөйрө.
Долбоорду ишке ашыруу окуучулардын санын көбөйтүүгө гана эмес, мугалимдер үчүн 60 жаңы жумуш ордун түзүүгө да мүмкүндүк берет.
Бул окуу жайында «Чет өлкөдөгү россиялык мугалим» эл аралык программасы буга чейин эле ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Анын алкагында россиялык адистер жергиликтүү окуучулар менен кесиптик тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүдө. Мындан тышкары, мектептин эл аралык уюмдар менен болгон жигердүү кызматташтыгынын аркасында бүтүрүүчүлөр чет өлкөлүк алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алышат.
Билим берүү секторун колдоо фонддун ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Өз ишмердүүлүгүнүн алкагында РКӨФ Кыргызстанда билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча жалпы суммасы 17 миллион долларды түзгөн 45 долбоорду каржылаган.