Кыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана сайт баракчаларынын ишин токтотуу жана чектөө тартибин бекиткен токтомго кол койду.
Бул документ “Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга жеткиликтүүлүктү токтотуу жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Аталган мыйзам маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандарды, анын ичинде жашы жете электерди жол берилгис контенттен коргоо жана интернет тармагында коомдук адеп-ахлакты сактоо үчүн кабыл алынган.
Бекитилген тартип өлкөнүн интернет аймагында порнографиялык мазмундагы сайттарды аныктоо жана алардын ишин токтотуу механизмин белгилейт.