Түштүктүк түндүккө, түндүкдүк түштүккө барат: Президент студенттер ротация болорун жарыялады

Бүгүн, 11-мартта, президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, 2027-жылдын сентябрь айынан тарта студенттерди аймактарга ротациялоо иши башталарын маалымдады.
Анын айтымында, бул максатта жалпы 10 миң бюджеттик орун бөлүнөт. Анын ичинен 5 миң орун түндүк аймактардан барып түштүктө окуй турган студенттерге, ал эми калган 5 миңи түштүк аймактардан келип түндүктө билим ала турган студенттерге берилет.
Садыр Жапаров бул демилге өлкөдөгү аймактык бөлүнүүнү жоюуга багытталганын белгиледи. Ошондой эле бул ишти быйыл, 2026-жылы, ишке ашыруу пландалганын, бирок акчанын тартыштыгынан келерки жылга жылдырылганын кошумчалады.
“Жакынкы арада акча бөлүнүп, түштүккө беш миң студенттик орун, түндүккө беш миң студенттик орун берилет. Жети облус, ошондой эле Ош жана Бишкекке бардык заманбап шарттары менен жатаканаларды куруп бүтөбүз. Эмдиги жылы сентябрда мына ушул иш башталат”- деди ал.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын бөлүп-жарууга багытталган аракеттерин сынга алып, мындай көрүнүштөр мамлекеттүүлүккө коркунуч келтирерин эскертти. Жапаров эл өкүлдөрүн мындай иштерден алыс болууга чакырды.