Кыргызстан ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5%дык алымды кайтарууну сунуштоодо
Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жарык берүүчү диоддук лампаларга (LED) жана LED экрандарга 5% өлчөмүндө ташып келүү бажы алымын белгилөө демилгесин көтөрдү. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) тийиштүү чечиминин долбоору учурда коомдук талкууда — ал 2026-жылдын 23-мартына чейин созулат.
Документке ылайык, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин (ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы чечими менен бекитилген) ташып келүү бажы алымынын ставкасын товарлардын бажы наркынан 5% деңгээлинде белгилөө жана аны 2030-жылдын 31-декабрына чейин узартуу сунушталууда.
Демилге энергияны үнөмдөөчү жарык берүүчү жабдуулар рыногуна тиешелүү. 2022-жылдан бери ЕАЭБде жарык берүүчү диоддук лампалардын айрым түрлөрүнө ташып келүү бажы алымынын нөлдүк ставкасы колдонулуп келет. Анда ЕЭК бул жеңилдикти биримдикке мүчө мамлекеттерде энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонууну стимулдаштыруу максатында киргизген болчу.
Алымдын кайтарылышы төмөнкүдөй кесепеттерге алып келиши мүмкүн:
- Баалардын өсүшү: ЕАЭБ рыногундагы LED продукцияларынын баасына таасир этиши мүмкүн, тагыраагы импортко кеткен чыгымдардын көбөйүшү чекене баалардын өсүшүнө алып келиши ыктымал.
- Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо: Атаандаштык шарттары өзгөрүп, жарык берүүчү диоддук лампаларды жана экрандарды чыгарган ички ишканалар кошумча артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн.
- Импорттун азайышы: Тарифтик режимдин алмашуусу чет өлкөдөн ташылып келген LED жабдууларынын көлөмүнө түзөтүүлөрдү киргизиши ыктымал.