Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 148ге жетти
19.04.2020 | 10:24
Соңку суткада коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган 48 адамдын 18и медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен Бишкекте 4, Ош облусунда 2, Ош шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 4 учур катталган.
18-марттан бери жалпы 134 медицина кызматкерине коронавирус илдети жукту.
Ал эми соңку маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча жалпы 554 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 5 адам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом